Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Россиянын ПВО системасы Украинанын техникасын жаңгактай чагууда

Россия Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операциясын 24-февралда баштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Украина чабуулунун мизин кайтарып жаткан өлкөнүн абадан коргонуу системасын (ПВО) жогору баалады. Мамлекет башчысы бул тууралуу "Россия 1" телеканалынын "Москва.Кремль.Путин" берүүсүндө маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биздин абадан коргонуу системаларабыз аларды жаңгактай чагууда. Ондоп жок кылып жатат", — деди Путин.
Эскерте кетсек, Россия Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операциясын 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери киевдик режим тарабынан геноцидге кабылып, басмырлоого дуушар болгон элди коргоо" экенин айткан болчу.
Мындан улам АКШ жана анын НАТО боюнча союздаштары Украинаны курал-жарак менен камсыздай баштаган. Москва курал жеткирүү чыр-чатакты эле создуктурбастан, аларды ташыган транспорт Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн мыйзамдуу бутасы болуп каларын бир нече жолу эскерткен. АКШ санкцияларынын акыркы пакетинин алкагында Украинага 80 чакырым алыстыктан бутаны жок кылуучу залптык HIMARS ок тутуму жеткирилмек.
Владимир Зеленский буга чейин аталган системаны Россияга сокку уруу үчүн колдонбой турганын убадалаган. Бирок РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украинанын айынан Минск келишими жокко чыгарылганын белгилеп, Киев Москванын ишеничинен кеткенин эскерткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинадагы HIMARS — АКШнын Россия менен согушуна карай ташталган кадам