Кытай ТИМи Америка үчүн ыңгайсыз чындыктын бетин ачты

Москва курал жеткирүү чыр-чатакты эле создуктурбастан, аларды ташыган транспорт Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн мыйзамдуу бутасы болуп каларын бир нече жолу эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. АКШнын аскерий бюджети эл аралык сооданы өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттан жүздөгөн эсе көп. Бул тууралуу Кытай ТИМинин расмий өкүлү Чжао Лицзянь Twitter баракчасына жазганын РИА Новости кабарлады.
Посттогу сүрөттө Вашингтон Украинага бөлгөн доллардын тоо болуп үйүлүп жатканы түшүрүлгөн. Жанында Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясындагы он өлкөгө жасалган америкалык инвестицияны чагылдырган банкнотанын таңгагы тартылган. Мындан Ак үй Украинага аталган ассоциацияга караганда 400 эсе көп каражат жумшаганын түшүнүүгө болот.
"Ортодогу айырма АКШ бийлигинин согушканды абдан жакшы көрөрүн көрсөтүп турат", — деп жазган диломат.
Эскерте кетсек, Россия Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операциясын 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери киевдик режим тарабынан геноцидге кабылып, басмырлоого дуушар болгон элди коргоо" экенин айткан болчу. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, марттын соңунда биринчи этап өз максатына жетип Украинанын аскерий потенциалын кыйла алсыратты.
АКШ жана анын НАТО боюнча союздаштары Украинаны курал-жарак менен камсыздоосун улантууда. Жо Байден ленд-лиз тууралуу мыйзамга кол коюп, аскерий жардамга ондонгон миллиард доллар бөлүнүп жатат. Москва өз кезегинде курал жеткирүү чыр-чатакты эле создуктурбастан, аларды ташыган транспорт Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн мыйзамдуу бутасы болуп каларын бир нече жолу эскерткен.
Бундестаг АКШнын Украина боюнча позициясы өзгөргөнүн билдирди