Гинеколог: жатыны тубаса жетилбей калган аялдын төрөшү кыйын. Видео

Дарыгер билдиргендей, жатындын жетилбей калышынын так себеби жок. Аны тубаса мүнөзгө ээ дешет.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Айрым аялдардын жатыны тубаса жетилбей калат, алардын балалуу болушу кыйын. Бул тууралуу Sputnik агенттигине акушер-гинеколог Арсен Аскеров айтып берди.
Адис эл ичинде муну "детская матка" деп коюшарын айтты.
"Жетилбей, өспөй калган жатындын ички катмары, моюнчасы абдан ичке болгондуктан эркектин уругу жабыша албайт. Жатынды гормоналдык дары-дармектерди берип өстүрсө болот. Бирок көбүндө боюнда болгону менен түшүп кала берет. Тогуз айга чейин жатын тийиштүү деңгээлде чоңое албайт. Анткен менен бул маселе индивидуалдуу, дарыгерге келип көрүнүү керек", — деген Аскеров.
Акушер-гинеколог жатындын жетилбей калышынын так себеби жок экенин кошумчалады. Аны тубаса мүнөзгө ээ дешет.
Болгону 18 жыл. Төрөө үчүн эң ылайыктуу жаш курак айтылды