Жаңы эч нерсе жок. Путин АКШнын Украинага жеткирчү ракеталарына баа берди

АКШ Украинага залптык от HIMARS реактивдүү системаларын жеткирүү макулдашылганын жар салган. Бирок Киев аны Россия аймагына сокку уруу үчүн колдонбошу шарт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин АКШнын Украинага жаңы залптык от тутумун жеткирүү чечимине комментарий берип жатып мында эч кандай жаңылык жок экенин белгиледи.
Өлкө башчысы "Россия 1" телеканалында "Москва. Кремль. Путин" программасына маек курган.
"Жаңы эч нерсе жок. Биринчиден, мындай системаны украин армиясы азыр деле колдонуп келет. Советтик жана россиялык өндүрүштөн чыккан  "Град", "Смерч", "Урагандын" эле аналогу", — деди Путин.
АКШ Украинага залптык от HIMARS реактивдүү системаларын жеткирүү макулдашылганын жар салган. Бирок Киев аны Россия аймагына сокку уруу үчүн колдонбошу шарт. Зеленский элдин көзүнчө коюлган талапты аткара турганын убадалаган. Бирок Жогорку Раданын депутаты Егор Чернев АКШ жөнөткөн ракеталар Россияга сокку уруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн экенин жокко чыгарган эмес. РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Зеленский Донбасстагы абалды жөнгө салуу боюнча бир да убадасын аткарбаганын эске салып, Москванын Киевге болгон ишеничи эбак жоголгонун билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинадагы HIMARS — АКШнын Россия менен согушуна карай ташталган кадам