Бейшеналиев менен Зулушевди президент кызматтан убактылуу четтети

Изилдөө объективдүү жүрүшү үчүн министрдин башкы прокурор менен түзүлгөн жеке мамилеси эске алынды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен башкы прокурор Курманкул Зулушев ээлеген кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.

"Бейшеналиевге карата кылмыш ишин ар тараптуу жана адилет кароону камсыз кылуу, ошондой эле анын күнөөсү далилденмейинче жана соттун айыптоо өкүмү менен белгиленмейинче кылмыш жасоого күнөөсүз деп эсептелет. Ошондой эле изилдөө объективдүү жүрүшү үчүн министрдин башкы прокурор менен түзүлгөн жеке мамилеси эске алынып, Зулушев иштен убактылуу четтетилди", — деп жазылган маалыматта.

Ал эми Бейшеналиев кылмышка шектүү деп кармалганына байланыштуу тергөө мезгилинде ээлеген кызматынан убактылуу четтетилген.
Эске салсак, Бейшеналиев бюджеттик каражатты мыйзамсыз түрдө адалдоо ыкмасын уюштурду деп кармалган. Кеп вакцинаны негизсиз сатып алуу тууралуу болуп жатат. Ага алгач Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен кылмыш иши козголгону айтылган.
Башкы прокуратура ага карата жалпы жети кылмыш ишин козгогон. Мындан сырткары, дагы үч жетекчи кармалган.
Садыр Жапаров Алымкадыр Бейшеналиевдин ишин карай турган комиссия түздү