Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Манделанын небереси Украинадагы расизмден улам Зеленскийге кайрылды

Публицист Украина-Россия кризисин чечүү үчүн Зеленский чатак учурунда моралдык бедел деген нерсе бир эле максатты же бир гана кишинин кызыкчылыгын көздөбөстөн, адамгерчилик приницибин карманууга кызмат кылышы керектигин эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Украина президенти Владимир Зеленский өлкөдө тынчтык орнотушу үчүн адамгерчилик принцибин карманышы керек. Бул туурасында Түштүк Африканын мурдагы президенти Нельсон Манделанын небереси Ндилеканын айтканын РИА Новости Newsweek журналына шилтеме кылып жазды.
Анын айтымында, Россиянын атайын операциясы башталгандан тарта Украина аймагындагы азчылык улуттарга расалык негизде адамдын кыжырын келтире турган мамилелер жасалып жатканы боюнча маалыматтар тарады.
"Украинада миңдеген кара түстүү студенттерди укугунан ажыратып, камап коюшту. Чек арадагы бул азчылыктар боюнча кайрылууга украин өкмөтү чараларды көргөнү менен согуштук аракеттер Украинада "түстүү" качкындарга, тилекке каршы, европа тектүүлөр сымал мамиле жасалбастыгын айкын көрсөттү", — деп белгилеген Ндилека Мандела.
Материалдын автору мындай кош стандарттар "глобалдуу моралдык коалициялардын" — коомдук уюмдардын коалициясынын ага диний лидерлердин, жазуучулардын жана башкалардын муну менен макул болобуз деп, түптөө үчүн кадам жасагандардын ишенимин жоготорун билдирди.
"Украина-Россия кризисин чечүү үчүн Зеленский чатак учурунда моралдык бедел деген нерсе бир эле максатты же бир гана кишинин кызыкчылыгын көздөбөстөн, адамгерчилик приницибин карманууга кызмат кылышы керектигин сезиши керек жана ал да ушул позицияда турушу зарыл", — деп белгилеген публицист Мандела.
Украинанын Чек ара кызматы 10-мартта 26 мамлекеттен турган 768 чет элдик студентти поезд менен Польшага чыгарып койгондугун кабарлаган.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин ал "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" максатын көздөйт деген. Өлкө башчынын айтымында, Донбасстагы "тынч жашоочуларга жасаган кандуу кылмыштары" үчүн "Украинаны демилитаризациялап жана денацификациялап", аскер кылмышкерлерин сотко бериш керек.
БУУ: Украинадагы жаңжалдан улам 15 млн. адамды ачарчылык тоорушу мүмкүн