БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Диетолог Елена Соломатина кулпунайды көп жебеш керектигин эскертип, анын кесепеттерин "Известия" басылмасына түшүндүрдү.
"Биринчи кезекте бул жемиш аллергиясы барларга сунушталбайт. Чоңдор бул тууралуу билет. Ал эми балдарга кулпунайды өтө этияттык менен берип, анын реакциясын байкап туруш керек", — деген дарыгер.
Соломатина бир гана аллергиясы барлар эле эмес, аны менен жабыркабагандар деле бул мөмөнү этияттап, аз-аздан жеш керектигин сунуштаган.
"Эгер кулпунайды өтө көп көлөмдө жесе бардык эле адамда аллергия сыяктуу белгилер байкалышы ыктымал. Бул мөмөнү нитрат колдонуп өстүрүшөт. Ал ден соолукка зыян. Мындан сырткары, аны алыстан ташып келишет. Кебетеси бузулбасын деп дифенил колдонгондор болот. Бул боор менен бөйрөккө терс таасирин тийгизет", — деди медик.
Мындай көйгөйлөрдөн оолак болуу үчүн Соломатина күнүнө ашып кетсе жарым килограмм кулпунай жеш керектигин эскерткен.