Жекшембиге карата аба ырайы

5-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Жекшемби күнү күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +24...+29, Таласта +21...+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көл менен Нарын аймагында +19...+24 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +27...+29, Ош шаарында +29...+31, ал эми Чолпон Атада +19...+21 градуска жетет.
Жайдын биринчи айы ысык болобу? Июнга карата аба ырайы