Зулушевдин милдетин аткарган Абай Молдокматов тууралуу эмне белгилүү

Башкы прокурор Курманкул Зулушев саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата кылмыш иши тергелип бүткүчө кызматтан убактылуу четтетилген. Анын ордуна биринчи орун басары Молдокматов келип, убактылуу милдетин аткармай болду.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин милдетин убактылуу аткарган Абай Молдокматовдун өмүр баянын Sputnik даярдаган материалдан окуңуздар.
Өлкө башчы Садыр Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата кылмыш иши тергелип бүткүчө Зулушевди кызматтан убактылуу четтеткен. Буга экөөнүн мамилеси себеп болгон.
Молдокматов 1976-жылы 19-февралда Ысык-Көл облусунун Пржевальск шаарында төрөлгөн.
Билими жогорку. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин укук таануу адистигин бүтүргөн.
Эмгек жолу:
2000-2001 — Жогорку сотто жазык иштери боюнча улук кеңешчи;
2001-2002 — Чүй облустук прокуратурасынын мыйзамдардын аткарылышынын жана укуктук актылардын мыйзамдуулугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн стажер-улук прокурору;
2002 — Чүй облустук прокуратурасынын мыйзамдардын аткарылышынын жана укуктук актылардын мыйзамдуулугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн улук прокурору;
2002-2005 — Чүй облусунун Аламүдүн райондук прокуратурасынын улук тергөөчүсү;
2005-жылы – Чүй облустук прокуратурасынын коррупция жана улуттук коопсуздукка кол салуу жөнүндө кылмыштарды тергөөнү көзөмөлдөө секторунун прокурору;
2005-2006 — Чүй облустук прокуратурасынын мыйзам актыларынын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору;
2006-2007 — Чүй облусунун Сокулук районунун прокуратурасынын улук тергөөчүсү;
2007-жылы – Чүй облусунун Сокулук райондук прокуратурасынын төргөөчүсү, Чүй облустук прокуратурасынын өзгөчө иштер боюнча тергөөчүсү, Чүй районунун прокурорунун орун басарынын милдетин аткаруучу;
2007-2010 — Чүй районунун прокурорунун орун басары;
2010-2011 — Чүй облусуна караштуу Москва районунун прокурорунун орун басары;
2011-2013 — Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы аракеттенүү башкармалыгынын прокурору;
2013 — Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгына караштуу коррупцияга каршы аракеттенүү бөлүмүнүн прокурору;
2013-2016 — Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын коррупцияга каршы аракеттенүү бөлүмүнүн улук прокурору;
2016 — Чүй облусунун Жайыл районунун прокурору, башкы прокурордун орун басары;
2017 — башкы прокурордун жардамчысы;
2019-2020 — Башкы прокуратурада бөлүм башчы;
2019-2020 — Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасынын прокурору;
2020-2021 — башкы прокурордун орун басары,
2021 — башкы прокурордун биринчи орун басары;
2022, июнь — башкы прокурордун милдетин аткаруучу.
Бейшеналиевдин ордуна келген Жаркынбек Касымбеков тууралуу эмне белгилүү