Башкы прокурордун милдетин Абай Молдокматов убактылуу аткарат

Молдокматов буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушевдин биринчи орун басары болуп иштеп келген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Башкы прокурордун милдетин Абай Молдокматов убактылуу аткарат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Молдокматов буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушевдин биринчи орун басары болуп иштеп келген.
Өлкө башчы Зулушевди саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата кылмыш иши тергелип бүткүчө кызматтан убактылуу четтеткен. Буга экөөнүн мамилеси себеп болгон.
"Генпрокурор ким экен?". Алымкадыр Бейшеналиев менен Зулушевдин чатагынын төркүнү