БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түзгөн пайдасыз келишим мамлекеттин казынасына 55 миллион сом зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.
Ага ылайык, текшерүүдө Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги кээ бир кызмат адамдары менен биргеликте жеке кызыкчылыктарын көздөп, мамлекетке каршы келишимдерди түзгөндүгү аныкталган.
"2021-жылдын 8-июлунда Бахрейндин M.V.ch компаниясы менен Саламаттык сактоо министрлигинин ортосунда дары-дармек каражаттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик мекемелерге акысыз кызмат көрсөтүү боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюлган. Бирок ага карабастан министрликтин жетекчилиги кээ бир кызмат адамдары менен чогуу тендер өткөрбөй туруп, Түркиянын TC. I. T. компаниясы менен келишим түзүп, аларга 54 миллион 836 миң 316 сом которгон", — деп жазылган маалыматта.
Прокуратура Бахрейн компаниясы менен түзүлгөн меморандум боюнча долбоор бекер ишке ашмак экенин белгилеген.
"Бирок Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги жеке кызыкчылыктарды көздөп дары-дармектерди көзөмөлдөө системасын орнотууда атайылап пайдасыз келишим түзгөн", — деп билдирди башкы көзөмөл органы.
Бул факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337 ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") жана 339-беренелери ("Билип туруп пайдасыз келишим түзүү") менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Буга чейин тергөө аяктаганча деп саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан убактылуу четтетилген. Башкы прокуратура ага карата жалпы жети кылмыш ишин козгогон. Бир кылмыш иши "Коррупция" беренеси боюнча, эки кылмыш иши "Опузалап пара алуу" беренеси, төрт кылмыш иши "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Билип туруп пайдасыз келишим түзүү" болчу.