Ат-Башы районунун Калинин айылында асыл тукум уй фермасы ачылды. Сүрөт

Аймакта сүттү кайра иштетүүчү ишканалар сүттүн жетишсиздигинен толук кубаттуулукта иш алып бара албай келгени, андыктан бул асыл тукум уй фермаларын куруу учурдагы зарылдык экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Калинин айылында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун көмөгү менен жеке ишкер Самарбек Өмүракунов ири асыл тукум уй фермасын ачты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
1 / 4

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Калинин айылында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун көмөгү менен жеке ишкер Самарбек Өмүракунов ири асыл тукум уй фермасын ачты

2 / 4

Бул саамалык облустагы асыл тукум малдын башын өстүрүүнүн, сүт кластери менен комплекстүү иш алып баруунун талабына ылайык келген жемиштүү аракеттердин бири экени айтылды

3 / 4

Долбоорду ишке ашырууда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан 8 пайыз үстөк менен 500 миң доллар насыя алып, бул каражатка ферма куруп, 64 асыл тукум уй алган

4 / 4

Ал жерде тоют базасы жана башка бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Бул саамалык облустагы асыл тукум малдын башын өстүрүүнүн, сүт кластери менен комплекстүү иш алып баруунун талабына ылайык келген жемиштүү аракеттердин бири экени айтылды.
Уй фермасынын жетекчиси, ишкер Өмүракуновдун айтымында, долбоор зарылчылыктан улам 2019-жылы башталган. Долбоорду ишке ашырууда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан 8 пайыз үстөк менен 500 миң доллар насыя алып, бул каражатка ферма куруп, 64 асыл тукум уй алган. Ал жерде тоют базасы жана башка бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
"Учурда Кочкор, Жумгал, Ат-Башы райондорунда жана Нарын шаарында сүттү кайра иштетүүчү ишканалар ишмердүүлүк кылганы менен сүттүн жетишсиздигинен толук кубаттуулукта иш алып бара албай келишет. Ошондуктан сүт багытындагы асыл тукум уй фермаларын куруу зарылчылыгы турат. Мындай шартта Калинин айылына заманбап уй ферма ачылып жатканы бизди кубандырат. Бул иш башка райондорго сөзсүз жайылтылышы керек", — деген облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев.
Уй фермасынын ачылышына Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков да катышкан.
Бүгүнкү күндө облус боюнча 200 миңдей ири мүйүздүү мал, 140 миңдей жылкы, 1 миллиондон ашык кой-эчки бар.
Ар бир бүлө 1,5 миң доллар насыя ала алышат. Нарындагы долбоор