Өмүрбекова Россиядагы мигранттар кабылган көйгөйлөрдү тизмектеп берди

Миграция боюнча департаменттин директору ЕЭК көйгөйлөрдү чечүү жолун издеп жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. – Sputnik. Мигранттардын үй-бүлөлөрүн милдеттүү медициналык камсыздандыруудан (ММК) өткөрүү чечими башка убакытка жылдырылбастан дароо кабыл алынышы керек болгон маселе. Бул тууралуу ЕЭКтин Миграция жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.
Анын айтымында, ММК толук кандуу Кыргызстан менен Казакстанда гана иштейт.
"Беларуста ММК такыр жок. Арменияда жаңы киргени жатат. Бул система толук кандуу Кыргызстан менен Казакстанда гана иштейт. Ал эми Россияда акысыз медицина иштеген адамга гана жеткиликтүү. Башкача айтканда, маселе жөнгө салына элек. Учурда биз бул багытта иштеп жатабыз. Талкуу жараткан дагы бир көйгөй Россиядагы чет элдик жарандар боюнча федералдык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр болуп жатат. Анын талаптарына ылайык, чет элдиктер дактилоскопия менен медициналык кароодон өтүп турушу керек. Биз бул талаптар ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандарына жайылтылбашы үчүн иш жүргүзүп жатабыз. Себеби мындай эрежелер мигранттардын эркин кыймылына тоскоолдук кыларын байкадык", — деди Өмүрбекова.
Ал ошондой эле ЕЭКтин алдындагы маанилүү тапшырмалардын бири учёттук-каттоо маселеси экенин белгиледи. Россиянын мыйзамдары боюнча адам жашаган жери боюнча каттоого турушу керек. Бирок батирин ижарага бергендердин көпчүлүгү мамлекетке анын үйүндө канча адам жашап жатканын ачык көрсөтүп бергиси келбейт. Буга байланыштуу мигранттар бир жерде жашап, бирок таптакыр башка жакта каттоого турууга аргасыз болууда.
Мигранттарга 8 пайыздык ипотека берилет. Акча алуунун жол-жобосу