Чек арадагы атышуу: эки кыргызстандык жоокер жаракат алды, биринин абалы оор

Баткен облустук бириккен ооруканасы күчөтүлгөн режимде иштей баштады.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан эки аскер жаракат алды. Учурда алардын абалы кандай экенин Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.
"Эки аскердин биринин абалы оор, экинчисиники орточо оор. Аларды тез жардам унаасы менен Баткен облустук бириккен ооруканасына алып бара жатышат. Жабырлануучулар ооруканага жаткырылгандан кийин диагноздору белгилүү болот", — деп айтылат билдирүүдө.
Жеринде эки тез жардам бригадасы иштеп жатат.
Ошондой эле министрликтен Баткен облустук бириккен ооруканасы күчөтүлгөн режимде иштей баштаганын жана кан, дары-дармек менен медициналык буюмдардын запасы жетиштүү экенин кошумчалады.
Чек ара аймагында атышуу түштө башталганы кабарланган. Маалыматка караганда, алгач Баткен облусуна караштуу Булак-Башы аймагында кыргызстандык чек арачылар тактала элек аймактан өтүп, Кыргызстанга мыйзамсыз кирип кеткен тажикстандык чек арачыларды көрүшкөн.
Мыйзамдуу талаптарга баш ийбеген тажик чек арачылары кыргыз аскерлерин көздөй ок чыгарган. Натыйжада эки өлкөнүн чек арачылары атыша кеткен. Тажик тарап миномёт колдонгон.
Буга чейин окуя болгон жерде эки тараптан тең жаракат алгандар бар экени айтылган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу. Учурда эмне болуп жатат