Кыргыз-тажик чек арасында атышуу токтоду. Эки тараптан тең жабыркагандар бар

Учурда атышуу болгон жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү жүрөт. Тараптар окуянын чоо-жайын тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда эки тараптан тең жабыркагандар бар. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.
Ошондой эле саат 14:15те ок атышуу токтотулганы кошумчаланды.

"Саат 14:07де тараптардын чек ара бөлүктөрү ок атышууну токтотуу боюнча буйрук алганына карабастан, тажик тарап саат 14:15ке чейин аткылоосун улантты. Эки тараптан тең жабыркагандар бар", — деп айтылат билдирүүдө.

УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, жабыр тарткан кыргызстандык бир жоокерге медициналык жардам көрсөтүлдү.
Учурда атышуу болгон жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү жүрөт. Тараптар окуянын чоо-жайын тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Чек ара аймагында атышуу түштө башталганы кабарланган. Маалыматка караганда, алгач Баткен облусуна караштуу Булак-Башы аймагында кыргызстандык чек арачылар тактала элек аймактан өтүп Кыргызстанга мыйзамсыз кирип кеткен тажикстандык чек арачыларды көрүшкөн.
Мыйзамдуу талаптарга баш ийбеген тажик чек арачылары кыргыз аскерлерин көздөй ок чыгарган. Натыйжада эки өлкөнүн чек арачылары атыша кеткен. Тажик тарап миномёт колдонгон.
Андан соң тажик тарап чек ара тилкесине оор техника жеткирип жатканы кабарланган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу. Учурда эмне болуп жатат