Чек арадагы атышуу: тажик тарап оор техникасын ташып келүүдө

Чек ара аймагында атышуу түштө башталганы кабарланган. Тажик тарап миномёт колдонууда.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Тажик тарап Кыргызстан менен чек арасына оор техника жеткирип жатат. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.

"Саат 14.00гө карата маалымат боюнча, эки өлкөнүн чек арачылары атышууну токтото элек. Ошондой эле тажик тарап окуя болуп жаткан аймакка оор техника жеткирүүдө", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Ведомство кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын курчуп кетпеши үчүн бардык чараларды көрүп жатат.
Чек ара аймагында атышуу түштө башталганы кабарланган. Маалыматка караганда, алгач Баткен облусуна караштуу Булак-Башы аймагында кыргызстандык чек арачылар тактала элек аймактан өтүп, Кыргызстанга мыйзамсыз кирип кеткен тажикстандык чек арачыларды көрүшкөн.
Мыйзамдуу талаптарга баш ийбеген тажик чек арачылары кыргыз аскерлерин көздөй ок чыгарган. Натыйжада эки өлкөнүн чек арачылары атыша кеткен. Тажик тарап миномёт колдонгону айтылды.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара делегацияларынын 5 күндүк иши аяктады