УКМК: кыргыз-тажик чек арасында эки тарап атышып жатат

Алдын ала маалымат боюнча, кыргыз тараптан эч ким жабыркаган жок.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Бүгүн Тажикстан менен чектешкен аймакта чек арачылар атыша кетти. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Баткен облусуна караштуу Булак-Башы аймагында кыргызстандык чек арачылар тактала элек аймактан өтүп Кыргызстанга мыйзамсыз кирип кеткен тажикстандык чек арачыларды көрүшкөн.

"Мыйзамдуу талаптарга баш ийбеген тажик чек арачылары кыргыз аскерлерин көздөй ок чыгарган. Натыйжада эки өлкөнүн чек арачылары атыша кеткен. Тажик тарап миномёт колдонгон", — деди ведомстводон.

Алдын ала маалымат боюнча, кыргыз тараптан эч ким жабыркаган жок.
Чек ара кызматы билдиргендей, атышууну токтотуу боюнча эки тараптуу телефон аркылуу сүйлөшүүлөргө карабастан тажик тарап ок чыгарууну улантууда. Саат 13:00гө карата атышуу токтогон жок.
"Кыргызстандын Чек ара кызматы абалдын курчуп кетпеши үчүн бардык чараларды көрүп, тажик кесиптештерин ок чыгарууну токтотууга чакырат. Эгер буга макул болушпаса ведомство жооп кайтарууга аргасыз болот", — деп айтылат маалыматта.
Сыймыктуу, бирок эрдиги бааланбаган офицерлер. Полковник Ратбек Ниязалиевдин маеги