Ишембиге карата аба ырайы

4-июнда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү болжолдонду. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Ишембиде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +20…+25, Талас чөлкөмүндө +19…+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +22…+27, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +14…+19, Чолпон-Ата шаарында +16…+18 градус болот.
Бишкек жана Ош шаарларында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүн табы Бишкекте +23…+25, Ош калаасында +25…+27 градус болот.
Боомдо жол мезгил-мезгили менен жабылат. Себеби