РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров "Европа биримдигиндеги негизги аскердик күч" деген кептер ФРГда "үстөмдүк кылууга умтулуулардын жанданышын" далилдей турганын айтты. Ал эми бир нече жума мурун Лавров "бийликке азыркы өкмөттүн келиши менен Германия өз алдынчалыгынын акыркы белгилерин да жоготту" деген эле.
Өлкө өз алдынча боло албаса, анда кантип эң негизги күчкө айлана алат деп суроо салат Петр Акопов. Серепчинин бул туурасындагы ой толгоосун РИА Новости сайты жарыялаган.
Бирок Европадагы азыркы жагдайда баары мүмкүн, баары өзгөрүүдө. Ошол эле убакта келечектин бир нече варианттары жаралууда. Шольц "ФРГ жана анын союздаштарынын коопсуздугун кыйла бекемдөө үчүн" жакын арада Европадагы эң ири армияны түзүүгө сөз берди.
Азыркы тапта аталган мамлекетте 180 миңдей аскер бар. Салыштырсак, Франциянын Куралдуу күчтөрүндө – 210 миң. Кыска убакыт аралыгында немец армиясынын санын 15-20 пайызга көбөйтүү толук мүмкүн, кеп наркында гана (мында кеп маянада гана эмес, инфраструктура жана аскердик техника туурасында да жүрөт).
Бирок НАТОдо жана дээрлик Европада (ЕБ мүчөлүгүнө талапкер катары) Түркия да бар эмеспи. Анын армиясынын саны жарым миллиондон ашат. Андай армия Германияда эч качан болгон эмес. ФРГда эң көп дегенде 450 миң кишиге гана жеткен.
Эгер түркиялык армиядан да ашууга белсенген болсо, анда бул жагдайды Россия эмес, НАТО менен Европа биримдиги үчүн түп-тамырынан бери өзгөртөт. Анткени согуштан соңку атлантикалык дүйнө түзүмү, Батыштын биримдиги НАТОнун биринчи башкы катчысы айткан жөнөкөй формулага негизделет.
Генерал Исмей: "Keep the Americans in, Russians out and Germans down" – "АКШны Европада, Россияны Европадан тыш, ал эми Германияны көзөмөлдө тутуу" деген. Атлантисттер үчүн баары ушундай жөнөкөй, кеминде эле Германия англосактардан аскердик багытта көз каранды болуп турганда иш дал ушундай тейде жүрөт. Ошондуктан эч кандай жалпы европалык армиянын болушу мүмкүн эмес.
ФРГнын Европадагы салмагын эске алсак, бул немец армиясы гана болот. Ал эми анын пайда болушу англосактардан Европанын көз карандысыздыкка маанилүү кадамы болмокчу. Бирок Германияны көзөмөлдө кармап туруу үчүн мезгил-мезгили менен чочутуп турууга туура келет. Азыр да Россия менен катуу коркутуп коюшкан сыяктуу.
Февралдын аягында Шольц Германия үчүн Россия менен энергетикалык кызматташтыктан баш тартуу менен гана эмес, коргоо тармагына чыгымдарын жогорулатып, Чыгыш Европада аскердик жайгашуусун бекемдөө менен "жетилүүгө мезгил жеткенин" айтканы бар. Кийинки кадамы Европадагы ири армия туурасындагы билдирүүсү болду.
Англосактар немецтердин даярдыгына каршы чыга алышпайт. Анткени алар жылдап Берлинди куралданууга көбүрөөк акча бөлүүгө үндөп келишкен. Ал эми ушул тапта Украинаны аз көлөмдөгү курал менен жабдып жатканын сынга алышууда.
Германия өз армиясын чоңойтууну көздөгөнү – Европа биримдигинин көзөмөлүн колдон чыгаргысы келбегени. Эми көзөмөл экономикалык да, идеологиялык да болууга тийиш. Берлин үчүн Европа биримдигине англосактардын таасирин күчөтүүгө жол бербөө маанилүү, Россияга каршы биригип турганда бул – жакшы мүмкүнчүлүк.
ЕБ атлантикалык элитанын көзөмөлүндө турганда Германиянын ЕБде үстөмдүгүн сактоого умтулуусу англосактардын долбооруна коркунуч туудурбайт. Башкача айтканда, тескелүүчү ЕБдеги салыштырмалуу күчтүү жана көзөмөлдөгү Германия — англосактарды жалпы жонунан – маселе кабыргасынан коюла турган күнгө чейин канааттандырган евроинтеграциянын варианты. Акыры баары бир ошондой кез келери бышык.
Евроинтеграциянын келечегинин эки сценарийи бар. Биринчиси — Атлантиканын эки тарабынын интеграциясынын жаңы деңгээлине өтүү, башкача айтканда, экономикалык НАТОнун да түзүлүшү. Он жыл мурун Трансатлантикалык соода жана инвестициялык өнөктөштүк аркылуу аны түптөөгө аракет кылышкан.
Экинчиси — Европа биримдигин чыңдоо анын күчтөрдүн (анын ичинде аскердик да) өз алдынча борборуна айланышына, НАТОнун жоюлуп жана бирдиктүү Батыштын ыдырашына алып келет. Германиянын толук кандуу өз алдынчалыгын калыптандырбаса, бул сценарий ишке ашышы мүмкүн эмес. Ошол себептен немец армиясын өстүрүү маселеси ушундай олуттуу мааниге ээ.
Россиянын Европадан сүрүлүшү (утурумдук болсо да) Германияны көзөмөлдөө милдетин жокко чыгарбайт, англосактар үчүн ал негизги маселелер сабына чыгат. Бир гана нерсе түшүнүксүз: генерал Исмейдин формуласын эске албастан алар "орус коркунучунун" күч алышы немец армиясынын өсүшүнө алып келүүгө тийиш экенине европалыктарды кантип ынандырышат?