Токтогулда Lexus-470 Чычкан суусуна түшүп кетти. Сүрөт

Автоунаанын ичинде беш адам болгону айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Токтогулда Lexus-470 үлгүсүндөгү унаа Чычкан суусуна түшүп кеткен. Бактыга жараша, адам өлүмү катталган жок. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, кырсык 2-июнда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Бишкек — Ош унаа жолунун 275-чакырымында катталган.
"Автоунаанын ичинде беш адам болгон, анын ичинен экөө жеңил жаракат алып, Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Каза болгондор жок", — деп айтылат маалыматта.
Кырсык болгон жерге ӨКМдин беш куткаруучусу, бир жүктөгүч жана ИИМден бир экипаж тартылып, автоунааны суудан чыгарып ээсине өткөрүп беришкен.
Чүйдө 21 жаштагы айдоочу сүзүп кеткен аял кырсык болгон жерде көз жумду