Боомдо жол мезгил-мезгили менен жабылат. Себеби

Таш кулатуу иштери автоинспекторлор жолду тоскон соң, саат 9:00дөн 15:00гө чейин болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Боом капчыгайында жол убактылуу жабыларын "Кыргыз темир жолу" ишканасынан кабарлады.
Капчыгай ичинде кооптуулук жараткан таштарды кулатуу иштери Бишкек — Нарын — Торугарт трассасынын 132-чакырымында болмокчу.
6-14-июнь аралыгында милиция кызматкерлери жолду тоскондон соң кооптуу таштар кулатылмакчы. Трасса саат 9:00дөн 15:00гө чейин жабылып турат.

"Жолду таштардан тазалоо учурунда транспорт бир тилке менен коё берилет. 30-40тан ашык автоунаа топтолуп калганда таш түшүрүү токтоп, улам өткөрүлүп турат", — деп маалымдады аталган компания.

Бул иштер таш кулап, ары-бери каттагандарга кооптуулук жаратпашы үчүн жасалып жатат.
Нөшөрлөп жаан жаап, сел жүрөт. ӨКМдин шашылыш билдирүүсү