Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кытай ЖМКсы: Батыш экономикалык согушта утулуп бара жатат

Евробиримдиктин санкцияларынын алтынчы пакетинен улам бул кышта кээ бир европалык өлкөлөр энергетикалык ресурстарга байланыштуу олуттуу көйгөйлөргө туш болору күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Батыш коалициясы Россияга каршы жарыялаган экономикалык согушта барган сайын утулуп бара жатат. Буга мүчө өлкөлөрдүн өздөрү санкциялардан улам жабыр тартып жатканы себепкер экенин Кытайдын Global Times гезитиндеги макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, Евробиримдиктин санкцияларынын алтынчы пакетинен улам (анын ичинде Россия мунайына эмбарго жарыялоо маселеси камтылган — ред.) бул кышта кээ бир европалык өлкөлөр энергетикалык ресурстарга байланыштуу олуттуу көйгөйлөргө туш болору күтүлүүдө.
Ал эми Кытайдын Коомдук илимдер академиясынын изилдөөчүсү Лу Сян Евробиримдик Россияга каршы санкциялар маселесинде бирдиктүү фронт катары чыга албай жатканын, анткени РФке каршы саясат боюнча баары бир пикирде эмес экенин айтууда. Ал кошумчалагандай, бир канча убакытка чейин Германия менен Россия жакшы мамиледе эле, бул нерсе АКШга жакпай калган. Ушундан улам дагы Вашингтон Украинада кризис жаратып, Батыштын Россияга болгон терс көз карашынан ийгиликтүү пайдаланган.
"Батыш өлкөлөрү өздөрүнүн санкциялары иштеп жатат деп ырасташы мүмкүн. Бирок турмуш жүзүндө бардыгы башкача. АКШ менен Европа экономикалык согушта утулуп бара жатканы көрүнүп турат", — деди Лу Сян.
Батыш Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция башталгандан кийин Россияга каршы санкцияларды киргизген. Ал эми шейшембиге караган түнү Евробиримдиктин лидерлери чектөөлөрдүн алтынчы пакети боюнча саясий келишимге жетишти. Анын ичинде башка нерселер менен катар Россия мунайынан баш тартуу каралган.
Буга чейин Германиянын экономика министри Роберт Хабек антироссиялык санкциялардан улам Евробиримдиктин ынтымагы ыдырай баштаганын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Конгресс Байденден Украинага жумшалчу 40 млрд. доллардын отчётун талап кылды