Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россиялык аскерлер ЛЭРдин Первомайск шаарына гумжардам жеткирди. Видео

Азык-түлүк биринчи кезекте кичинекей балдары бар үй-бүлөлөргө, көп балалууларга жана пенсионерлерге таратылган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Россиянын жоокерлери Луганск Элдик Республикасынын Первомайск шаарына гуманитардык жардам жеткирди.
Кезектеги гумконвой жерине 30 тоннадан ашык продукция алып барган. Анын ичинде гигиеналык, медициналык каражаттар, балдар үчүн азыктар жана эң керектүү буюмдар бар.
Россиялык аскерлер гумжардамды Первомайск администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте биринчи кезекте кичинекей балдары бар үй-бүлөлөргө, көп балалууларга жана пенсионерлерге таратып берген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Чоң рахмат!.." Северодонецкинин жашоочулары гумжардам алышты. Видео