БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Токмок шаарына жакын жайгашкан Бурана мунарасынан 25 жаштагы кыз кулап кетип көз жумду. Бул тууралуу Чүй райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, милициянын нөөмөт бөлүмүнө 30-май күнү аталган мунарадан кыздын кулап түшкөндүгү боюнча кабар түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу дароо барып, ал жерде 1997-жылы туулган С.М. аттуу кыздын каза болуп калганы аныкталган.
Бул факт Чүй милициясынын каттоо китепчесине катталган.
"Тергөөнүн жүрүшүндө окуянын күбөлөрү жана Бурана кызматкерлери ал кыз жалгыз келгенин, эч ким жок учурда мунарага чыгып кеткенин айтышты. Андан соң гана анын сөөгү табылган. Маркум Ысык-Ата районунун тургуну экени аныкталды", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.
Окуя кандайча болгонун иликтөө үчүн ыкчам тергөө иштери уланууда.