ЕАЭБ менен БАЭ эркин соода жүгүртүү боюнча келишим түзүшү мүмкүн

ЕАЭБ менен БАЭнин өткөн жылдагы товар жүгүртүүсү 6,3 миллиард долларды түзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. ЕАЭБ менен БАЭ ортосунда эркин соода жүгүртүү боюнча келишим быйыл даяр болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) маалымат кызматы билдирди.
ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы соода боюнча министри Тани бен Ахмед Аль Зайуди менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жана анын азыркы абалын талкуулаган. Тараптар видеоконференция аркылуу байланышкан.
"Биз БАЭни кызматташуу үчүн келечектүү өнөктөштөрдүн бири катары карайбыз", — деди министр.
Ал ошондой эле апрель айында ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык бирикмеси менен БАЭнин эркин соода жүгүртүүсүн изилдеген бирдиктүү жумушчу топ түзүү боюнча чечим кабыл алганын белгиледи.
Эки тарап тең жумушчу топтун докладынын даярдалышын тездетүү керектигин айтышты. Бул нерсе маселени ЕАЭБдин жыл соңундагы жыйынында талкуулоого шарт түзөт.
ЕАЭБ менен БАЭнин өткөн жылдагы товар жүгүртүүсү 2020-жылга салыштырмалуу 60,9 пайызга өсүп, 6,3 миллиард долларды түзгөн.
ЕАЭБде интернет-соода жаатындагы кадамдар. Баа жана тейлөө кандай өзгөрөт?