БАЭ Кыргызстандын суусун чет өлкөгө таанытып, экспортко көмөктөшүүгө кызыкдар

Бириккен Араб Эмирлиги Кыргызстан менен энергетика, тоо-кен, туризм тармактары боюнча кызматташууга кызыкдар.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанга иш сапары менен келген Бириккен Араб Эмирлигинин экономика министри Абдулла бин Таук Аль Марри менен жолугуп, эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын талкуулады. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
"Кыргыз-эмират соодасынын көлөмү 2021-жылы дээрлик 70 миллион долларды түзгөн. Бул жакшы динамика, бирок көрсөткүчтү 3-4 эсеге чейин көтөрүшүбүз зарыл. Биз Кыргыз-Эмират инвестициялык өнүктүрүү фондун, БАЭнин стандарттары боюнча лабораториялык борбор түзүшүбүз керек", — деди Жапаров.
Ал эми Абдулла бин Таук Аль Марри Кыргызстан сунуштап жаткан долбоорлор боюнча иштешүүгө кызыкдар экенин билдирди.
"Биз Кыргызстанга бизнесмендер, ири компаниялар, туризм, энергетика, айыл чарба тармактарынын өкүлдөрүнөн турган делегация менен келдик. Негизинен сиздер менен энергетика, тоо-кен, туризм тармактары боюнча кызматташууга кызыкдарбыз. Сиздер тараптан айтылган бардык сунуш-пикирлерди эске алып, аны ишке ашырууга даярбыз", — деди министр.
Ошондой эле ал Кыргызстандын таза суусун чет өлкөгө таанытып, экспорттоого көмөктөшөрүн кошумчалады.
Тараптар Кыргыз Республикасынын суверендүү фондун түзүү, Кыргыз-Эмират инвестициялык фондун жана БАЭден инвестиция тартуу борборун түзүү иштерин баштоону макулдашты.
Акылбек Жапаров Россиянын "Сколково" фондуна Ысык-Көлдө IT айылын ачууну сунуштады