Теги кыргызстандык Айсулуу Сеулдун шаардык кеңешине депутат болду

Элчинин айтымында, Аширалиева Кыргызстандын дипөкүлчүлүгү уюштурган бардык маданий иш-чараларга катышып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Теги кыргызстандык Айсулуу Аширалиева Түштүк Кореянын борбору Сеулдун шаардык кеңешинин депутаты болду. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчиси Аида Исмаилова соцтармак аркылуу кабарлады.
Исмаилова мекендешин 1-июнда өткөн жергиликтүү шайлоодогу жеңиши менен куттуктаган.
"Айсулуу — патриот кыздардын бири. Ал элчилик өткөргөн бардык маданий иш-чараларга катышып келген. Биздин Айсулууга бекем ден соолук, бакубатчылык жана жаңы ишинде ийгилик каалайбыз", — деди ал.
Аширалиева буга чейин ЖМКлардагы маегинде Түштүк Кореяга 2004-жылы көчүп кеткенин билдирген. Ал Түштүк Кореянын жаранына турмушка чыгып, уулу менен кызын тарбиялап келет. Маданият жана искусство боюнча "Ай-Пери" борбор азиялык ассоциациясын негиздеген.
Балалыгым Токмокто өткөнү үчүн тагдырга ыраазымын. Дмитрий Биволдун маеги