TikTok Sputnik агенттигинин орус тилиндеги баракчасын жаап салды

Профилдин 100 миңден ашык катталуучусу бар болчу. Буга чейин соцтармак RT телеканалынын немец тилиндеги аккаунтун өчүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. TikTok социалдык тармагы Sputnik Кыргызстан агенттигинин аккаунтун эч себепсиз блоктоп салды. 1-июнда Sputnik.kg профили жабылып, бардык видеолору өчүрүлгөн. Аккаунттун 100 миңден ашык катталуучусу бар болчу жана Кыргызстандагы ЖМКлардын ичинен ири TikTok-аккаунт болуп эсептелип келген.
"Эгер биз эрежелерди бузган болсок башка кеп. Бирок TikTok администрациясы жазган эрежерлерге каршы келген эч нерсе жасаган эмеспиз. Буга жүз пайыз кепилдик бере алабыз. Тескерисинче, биздин каналда пайдалуу роликтер арбын болчу. Редакциянын эмгеги текке кеткени капалантат. Буга чейин Sputnik россиялык басылма болгону үчүн эле YouТube каналыбыз дагы жабылып калган", — деди Sputnik агенттигинин башкы редактору Эркин Алымбеков.
Аскердик атайын операция башталгандан бери YouTube Sputnik менен RT ЖМКларына тиешелүү бардык каналдардын ишине бөгөт койгон. Ошондой эле RT телеканалынын немец тилиндеги аккаунту дагы өчүрүлгөн.
Мария Захарова: YouTube өзүнө өкүм чыгарды