Көкүрөктөгү жалынды өчүрбөгүлө! Садыр Жапаров "Наристе" фестивалына катышты

Өлкө башчы фестивалдын ар бир катышуучусуна чың ден соолук, бактылуу балалык, ийгилик каалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 1-июнда, "Наристе" II эл аралык фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышына катышып, бөбөктөрдү майрамы менен куттуктады.
1 / 3

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 1-июнда, "Наристе" II эл аралык фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышына катышып, бөбөктөрдү майрамы менен куттуктады

2 / 3

Президент фестивалдын катышуучуларына кайрылып, аларды чыгармачылыкка, искусствого, музыкага болгон кызыгуу жана актёрдук чеберчилик менен өзгөчө талант бириктирип турганын белгилеген.

3 / 3

Мамлекет башчы фестивалдын ар бир катышуучусуна чың ден соолук, бактылуу балалык, ийгилик каалаган.

"Кымбаттуу балдарым жана кыздарым, жан дүйнөнүн, жакшылыктын, келечекке болгон үмүттүн эң сонун майрамына айланган "Наристе" фестивалына катышып жатканыңыздар биз үчүн чоң бакыт, чоң сүйүнүч! Балдар – ар бир улуттун, ар бир мамлекеттин келечеги, ой-кыялы, үмүт-тилеги. Бул өзгөчө фестиваль, өзгөчө иш-чара. Наристе курак баарыбызга жылмаюу менен балалыгыбызды эске салып, өзүнчө бир жылуу сезимди тартуулайт. Бул ар бир адамдын жашоосундагы эң маанилүү тепкич", — деп жазылат куттуктоодо.
Президент фестивалдын катышуучуларына кайрылып, аларды чыгармачылыкка, искусствого, музыкага болгон кызыгуу жана актёрдук чеберчилик менен өзгөчө талант бириктирип турганын белгилеген.
"Сиздердин "Наристе" фестивалына катышып жатканыңыздар чыгармачылыктын чоң жолуна шилтеген маанилүү кадамыңар. Элдик чыгармачылыкка шилтеген кадамыңардан жазбагыла! Көкүрөгүңөрдөгү мындай жалынды өчүрбөй, жан дүйнөңөрдө бекем сактагыла! Келечекке койгон максатыңарга ишенимдүү кадам таштагыла! Ошондо гана ой-кыялыңар ишке ашат. Биз, ата-энелер, ар бириңер үчүн жүрөгүбүз менен күйөбүз. Ушундай нур жүздүү, өнөрлүү балдарыбыз бар жашообуз бейпил, элибиз тынч, өлкөбүз өнүгүү үстүндө деп көңүлүбүз куунак болот. Силердей таланттуу балдар менен кайсы убакта, кайсы жерде болбойлу биз абдан сыймыктанабыз!" — деген президент.
Мамлекет башчы фестивалдын ар бир катышуучусуна чың ден соолук, бактылуу балалык, ийгилик каалаган.
Мекенибиздин чыныгы атуулдарынан болгула! Садыр Жапаров балдарды куттуктады