Ош облусунда жер титиреди

Алдын ала берилген маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Ош облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жер 31-май күнү кечки саат 20:54тө силкинген.
"Алай районунун Талды-Суу, Сары-Могол айылдарында 3 баллга, Чоң-Алай районунун Кашка-Суу, Кара-Кабак айылдарында 3 баллга, Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилген", — деп жазылат маалыматта.
Алдын ала берилген маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Өзгөчө сезим калтырат! Кумдуу бороондун кишини кайдыгер калтырбаган 11 сүрөтү