Бишкектин борбордук көчөлөрүнөн киоск менен павильондор алынат

Мэрия киоскилердин ордуна бир типтүү павильондор орнотуларын кабарлады.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бишкектин борбордук көчөлөрү киоск жана павильондордон тазаланат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Муниципалитет белгилегендей, бул заманбап жана ыңгайлуу шаардын стандарттарына жетүү үчүн жасалган алгачкы кадам.
"Киоскилер шаардын көркүн бузууда. Анын ээлери мыйзамсыз негизде электр тармактарына кошулуп, таштанды чыгаруу үчүн келишим түзүшпөйт. Анда күмөн санаткан продукциялар сатылат", — деди мэриядан.
Алардын ордуна шаардын архитектурасына дал келген бир типтүү павильондор орнотулат. Эскиздери азырынча бекитиле элек.
Бишкекте жөө жүргөндөрдүн жаңы аймагы пайда болот. Эскиздер