Бейшембиге карата аба ырайы

2-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бейшемби күнү күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +22...+27, Таласта +20...+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25...+30, Ысык-Көл менен Нарын аймагында +15...+20 градус болору айтылды.
Бишкекте күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +25...+27, Ош шаарында +28...+30, ал эми Чолпон-Атада +15...+17 градуска жетет.
Жайдын биринчи айы ысык болобу? Июнга карата аба ырайы