Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ Украинага 700 млн. долларлык аскердик жардам берери белгилүү болду

Кезектеги жардам расмий түрдө шаршембиден тарта бериле баштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. АКШнын Украинага жаңы аскердик жардам пакети 700 миллион долларга бааланууда. Анын курамында HIMARS ракеталык системалары, радарлар, тик учактар, унаалар жана танкка каршы куралдар бар экенин Ак үйдөгү маалымат булагына таянып РИА Новости жазды.
Жардамдын он биринчи пакети расмий түрдө шаршембиден тарта бериле баштайт.
"HIMARS жана алардын ок-дарылары, аккумулятордук радарлар, танкка каршы куралдар, кошумча артиллериялык ок-дары жана танктар бар. Ошондой эле мурда жеткирилген техниканы оңдоп-түзөө үчүн тетиктер жөнөтүлөт", — деди атын атагысы келбеген аткаминер.
Көп өтпөй президент Жо Байден Украинага карата кандай пикиринде экенин жана мындай жардамды эмне максат менен берип жатканын айтты.
"Украинаны демократиялык жана гүлдөп өнүккөн өлкө катары көргүбүз келет", — деди Байден.
Буга чейин Вашингтон Украинага 700 миллион долларлык аскердик жардам көрсөтөрүн расмий жарыялаган. Ошондой эле Байден Украинага коргонуу техникасын берүү механизмин жөнөкөйлөтүүнү караган мыйзамга кол койгон.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш Киевден жүз бурууга камындыбы?