Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Донбасста каза болгон балдар. Москвада АКШ элчилигинин имаратында видео көрсөтүлдү

Акциянын катышуучулары Ак үй бир нече жыл катары менен украин бийлигине демөөрчү болуп келгендигин дүйнө коомчулугунун эсине салып коюуну эп көрүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. АКШнын Москвада жайгашкан элчилигинин имаратынын дубалына активисттер проектор менен "америкалык аскерлер Донбасстагы балдардын өлүмүнө толугу менен жоопкер" деген ой айтылган видеону 1-июнга караган түнү көрсөтүштү.
Анын видеосун РИА Новости жарыялады.
Ал акция Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулган.
Катышуучулар Ак үй бир нече жыл катары менен украин бийлигине демөөрчү болуп келгендигин дүйнө коомчулугунун эсине салып коюуну эп көрүшкөн.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин ал "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" максатын көздөйт деген. Мамлекет башчы Донбасстагы "тынч жашоочуларга жасаган кандуу кылмыштары" үчүн "Украинаны демилитаризациялап жана денацификациялап", аскер кылмышкерлерин сотко бериш керектигин айткан.
РФтин Коргоо министрлиги билдирүү жасап, Куралдуу күчтөр соккуну аскердик инфраструктура жана аскердик күчтөргө уруп жаткандыгынын башкы максаты — Донбассты бошотуу экендигин айтышкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Европа шакаба чеккен геноцид. Сотко чейинки узак жол