Каракол — Эңилчек жолуна дагы көчкү түштү. Чабандар жайлоого тоют жеткире албай убара

Жолду көчкүдөн тазалоо иштерине атайын техника тартылганы кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда жааган калың кардан улам жол жабылып, тургундар жайыттарда калган малга тоют жеткире албай жатканын айтып, жергиликтүү бийликке нааразычылыгын билдирди.
Алардын айтымында, Ак-Суудагы Каракол — Эңилчек жолу бир тараптуу ачылган эмес. Жергиликтүү бийликтин "жол ачылды" деп айтканынан улам тоют жүктөп жолго чыгып алгандар өтө албай калганы белгиленди. Жайлоого тоют жеткирүүгө, чабандар менен байланышка чыгууга мүмкүн болбой жатканы маалым болду.
Буга чейин президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү калың кардан Ак-Суудагы Каракол — Эңилчек жолу менен Жети-Өгүз районундагы Барскоон — Ак-Шыйрак жолу бир тараптуу ачылганын кабарлаган. Бирок кар тынбай жаагандыктан Ак-Суудагы Каракол — Эңилчек жолу кайра жабылып калганын билдирди.
"Жол улам тазаланып жатат. Бирок тынбай жааган кардан улам Каракол — Эңилчек жолунун 89-92-чакырымдарына кар көчкү түшүп жабылып калды. Учурда аны тазалоо иштери жүрүп жатат. Кечээ, 31-майда, эки гана автоунаа өтүп, калганы өтө албай жолдо калган. Тоют, азык-түлүк да жеткирилбей калды", — деп айтылат маалыматта.
Кар көчкүнү, жолду тазалоо иштерине атайын жети техника тартылганы кошумчаланды.
Лейлекте сел 200 баш кой-эчкини агызып кетти. Сүрөт