Радио

Садыков: улуттук университет Россия ЖОЖдору менен тыгыз кызматташат

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Садыков аталган окуу жай университет макамын алган 1950-жылдардан тарта эле Россиянын беделдүү окуу жайлары менен тыгыз иштешип келерин айтты.
Sputnik
Улуттук университеттин түзүлүшүнө Москва, Санкт-Петербург шаарларында жайгашкан, азыркы Россия Федерациясынын беделдүү окуу жайларынын кошкон салымын чоң. Анткени согуштан кийинки жылдары беш жылдык пландын негизинде ушул окуу жайлардан илим жактап келген мугалимдерибиз биздин окуу жайдын университет макамына жетиши үчүн чоң эмгектерди жасашкан. Бул тууралуу Канат Садыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, улуттук универститет тарых багытында Алтай мамлекеттик университети менен тыгыз байланышта.
"Кыргыз улуттук университети өзүнүн ушул макамга жетүү жолунда Россиянын ЖОЖдору менен тыгыз байланышкан. Согуштан кийинки жылдардан тарта эле Москва, Санкт-Петербург сыяктуу шаарлардан педагогдор мында келип жана биздин мугалимдер ошол шаарларга барып тарых, адабият багытында кандидаттык, докторлук даражаларда илим жактап, педагогикалык техникумду университет деңгээлине жеткиришкен. Ал эми так илимдер жаатында Новосибирскидеги окуу жайлар менен азыркы күнгө чейин иштешип келебиз. Ошондой эле соңку жылдары Алтай мамлекеттик университети менен тарых, тарыхый изилдөөлөр боюнча эл аралык чоң-чоң долбоорлорду ишке ашыруудабыз. Былтыр эле ал жактан келген тарыхчы, археологдор менен биздин тарыхчылар биргеликте республиканын айрым облустарына экспедиция жасашты. Биздин университеттин 90 жылдыгына карата күздө өтө турган илимий конференцияга да Россиянын беделдүү окуу жайларынын ректорлорунун катышуусу күтүлүүдө", — деди Садыков.
Ал аталган конференцияда Алтай мамлекеттик университети атайын доклад жасай турганын кошумчалады.