Таанышпайм деген кызга кол салып… Бишкектеги окуяга шектүүнү кармашты

Жабырланган кыз мурдараак окуя боюнча өзүнүн версиясын социалдык тармактан айтып берген эле.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Милиция таанышкысы келбеген кызга кол салды делген шектүүнү кармады.
Октябрь райондук милициясынын маалымат кызматы 28-майда Бишкектин тургуну 12-кичи райондогу супермаркеттердин биринде саат 03:20 чамасында эркек киши аны себеби жок ургандыгы туурасында арыз менен кайрылгандыгын билдирди.
Шектүүнү ошол эле күнү милиция бөлүмүнө алып барышып, бирок милдеттүү түрдө келесиң деген шарт менен кое беришкен. Социалдык тармактагы маалыматтан кийин коомчулуктун бир бөлүгү аны кое берип жиберген фактыга нааразылыгын билдирген. Бүгүн шаардык милициядан шектүүнүн кармалып жана убактылуу кармоо жайына киргизилгендигин айтышты. Бейбаштык боюнча иш козголгон.
Жабырланган кыз мурдараак окуя боюнча өзүнүн версиясын социалдык тармакта айтып берген эле. Ал дос кыздары менен караоке-бардан чыгып, үйүнө бара жатып жолдон банкоматтан акча ала кетүү үчүн кайрылганын билдирген.
Киши артынан келип таанышууну сунуштаган, бирок кыз баш тартканы анын агрессиясын жаратканын айткан. Бетке чаап жибергенин, ал эми ага кайрылып караганда өлтүрөм деп коркутканын кошумчалаган. Кыз түшүп жаткан таксинин айдоочусу окуяны көрүп чуркап келип, кол салган кишини жоошутканын айткан.
Жабырлануучу коомчулуктун мындай реакциясынан улам кол салган киши жоопкерчиликтен кутулуп кетпейт деп ишенерин билдирген.
Сузактагы мугалим урган кыздын окуясы: омбудсмен бийликке кайрылды