Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Северодонецк шаарындагы жашоо, жардамга келген аскерлер. Видео

Филипоненко чегинген украиналыктар тарабынан эл жашаган райондорду аткылоо уланып жаткандыгын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Россия аскерлери менен Луганскинин элдик милициясынын биримдик күчтөрү Северодонецк шаарында элдин тынч жашоосунун уланышына көмөк көрсөтүп жана андан сырткары бир катар милдеттерди аткарып жатышат. Алар менен кошо РИА Новостинин кабарчысы бир нече жерге барган.
Буга чейин РИА Новостинин кабарчысы 29-майда украиналык аскерлер Северодонецкинин ЛЭРдин колуна өткөн, эл жашаган райондорун аткылаганын кабарлаган. Анын кесепетинен бир киши жабыркап, бир топ имараттар талкаланган.
"Азыр биздин максат — плацдармды жакшылап кеңейтип алуу, чабуулду улантуу жана, албетте, жай жашоочуларга көмөк көрсөтүү. Себеби тынымсыз аткылоодон улам алар суусуз, тамак-ашсыз жана байланышсыз калган, аларга жардам берүү зарыл", — деп билдирген ЛЭРдин Элдик милициясынын расмий өкүлү Иван Филипоненко.
Ал чегинген украиналыктар тарабынан эл жашаган райондорду аткылоо уланып жаткандыгын тактады. Жергиликтүү жашоочу Светлананын айтымына караганда, акыркы бир нече күнү аткылоолор активдешип, эл көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсүндө жашап жатат. Муну анын атасы Виктор да тастыктап, кабарчылар алардын баш паанек кылган жерди видеого тартып алышкан.
"Суу, газ, электр энергия жок. Биздин баш калкалаган жерибиз азыр негизинен – жер төлө. Кээде батирге чуркап барып турабыз, а негизинен ушул жерге түнөп, ушул жерден тамак ичебиз, азырынча жер төлө кишилерибиз", — деп айтып берген Виктор РИА Новостиге.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донбасстын жашоочулары РФ менен ЛЭР аскерлерин кубанып тосуп алышты. Видео