Бишкекте өлкө аймагынан келген 600 окуучунун спорттук мелдеши өтүп жатат

Оюндар 3-июнда жыйынтыкталып, расмий жабылуу аземи өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорт аренасында "Мектеп лигасынын" 2021-2022-сезонунун финалдык мелдештери башталды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Иш-чаранын ачылышына Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси Акжол Махмудов жана "Мектеп лигасы" федерациясынын өкүлдөрү катышты.
1 / 3

Бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорт аренасында "Мектеп лигасынын" 2021-2022-сезонунун финалдык мелдештери башталды

2 / 3

Финалдык беттештер эркектер жана кыздар арасында футбол, волейбол жана баскетбол боюнча өтөт. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан, Ош, Бишкек шаарларынан келген 600гө жакын окуучу катышууда.

3 / 3

Белгилей кетсек, "Мектеп лигасы" 2021-жылдын 28-октябрында старт алган. Финал 3-июнда жыйынтыкталып, расмий жабылуу аземи өтөт.

Финалдык беттештер эркектер жана кыздар арасында футбол, волейбол жана баскетбол боюнча өтөт. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан, Ош, Бишкек шаарларынан келген 600гө жакын окуучу катышууда.
Футбол боюнча беттештер Шералы Сыдыков атындагы спорттук колледжде жана Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын футбол аянтчаларында, волейбол боюнча оюндар Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында, баскетбол боюнча беттештер Кыргыз-түрк "Манас" университетинин спорттук аянтчасында жана Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында өтөт.
Белгилей кетсек, "Мектеп лигасы" 2021-жылдын 28-октябрында старт алган. Финал 3-июнда жыйынтыкталып, расмий жабылуу аземи өтөт.
Өзбекстан менен Кыргызстандын футбол клубдары Ошто мэрдин кубогун талашат