Кыргызстан кумшекер менен чийки камыш кантын экспорттоого тыюу салды

Токтом өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынды.
Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинети кумшекерди жана чийки камыш кантын өлкөдөн алып чыгууга алты айлык мөөнөткө тыюу салды. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынган.
Токтом өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана кант рыногунда бааны кармап туруу максатында иштелип чыккан.
Кумшекер бар, дүрбөлөң түшүүгө негиз жок. Министр элге кайрылды