БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Евробиримдиктин лидерлери Россиядан мунай импорттоого жарым-жартылай тыюу салуу боюнча макулдашты. Бул тууралуу Еврокеңештин төрагасы Чарльз Мишель Twitter баракчасына жазды.
Анын айтымында, санкциялардын алтынчы пакетинин алкагындагы келишим Россиядан мунай импорттоонун үчтөн эки бөлүгүнө дароо кесепетин тийгизет.
Ошондой эле ал Евробиримдиктин алтынчы санкциялык пакети башка чараларды да камтый турганын кошумчалады. Мисалы, Сбербанкты SWIFT системасынын ажыратуу, ЕБ аймагында россиялык үч телеканалды көрсөтүүгө тыюу салуу жана жеке санкциялар.
Россияга каршы санкциялардын алтынчы пакети расмий макулдашуу жана бекитүү процедурасынан өтүшү керек.
Кечээ башталган ЕБ мамлекеттеринин башчыларынын Брюсселдеги кезексиз саммити бүгүн да уланат. Алар Россияга карата чектөөлөрдү да талкуулашмакчы. Европа мамлекеттери бир айга жакын убакыттан бери РФке салынуучу санкциялардын алтынчы пакетин макулдашып, беките албай келишет. Анда мунай заттарына жарым-жартылай же толук эмбарго коюу маселеси бар. Бирикменин кээ бир мамлекеттери, тагыраагы, Венгрия мындай чечим өз экономикасына тескери таасирин тийгизет деп чочулап, жогорудагы чечимдин кабыл алынышына блок коюп келет.