Жапаров: Бакиевдерди эл унуткан, ал эки адамдын эле түшүнө кирет окшойт

Мамлекет башчы Бакиевди актаганы жатат деген айрым чагымчылардын сөзүнө көңүл бурбоого чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын жакындарын эл 12 жыл мурун эле унутканын билдирди. Ал "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде качкын президент тууралуу айтылган кептерге токтолгон.
"Бакиевдерди актаганы жатат деген айрым чагымчылардын сөзүнө көңүл бурбай эле койгула. Бакиевдерди эл унутканына 12 жыл болду. Алмазбек Атамбаев менен Исмаил Исаков эле унута албай коюшту. Бакиев дайыма мокочо болуп, экөөнүн түшүнө кирип турат окшойт", — деди Жапаров.
Жапаров Ширшовду кабыл алганы, Бакиевдин мүлкүн талагандар боюнча үн катты