БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Жалал-Абад шаарындагы заводдун жарылуусунан жаракат алгандардын арасында башка өлкөнүн жарандары дагы бар. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, кечээ, 29-майда, Жалал-Абад шаарындагы темир заводдун аймагында темир эритүүчү меш жарылган. Анын кесепетинен үч адам оор, төрт киши жеңил жаракат алганы айтылган.
"Оор жаракат алган үч адам кыргыз жарандары. Алар Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми жеңил жаракат алган төрт адамдын бири, 18 жаштагы Ж.Э. — кыргыз жараны, 31 жаштагы Р.С. өзбек жараны жана 49 жаштагы Ш.З. менен 29 жаштагы Л.Х. кытай жарандары. Алар медициналык кароодон өткөн соң үйлөрүнө жөнөтүлгөн", — деп айтылат маалыматта.
Оор жаракат алган үч адамдын денесинин 90 пайызы күйгөнү кошумчаланды.