Новиков: РКӨФ акча берген компаниялар РФке үч эсе көп товар экспорттой баштады

РКӨФ башкаруучулугунун төрагасы фонддун каржылоосу менен иштеген компаниялардын ийгиликтери тууралуу айтып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун заёмчу компаниялары Россияга үч эсе көп товар экспорттой баштады. Бул тууралуу фонд башкаруучулугунун төрагасы Артём Новиков билдирди.
Ал аталган компаниялар 1,2 миллиард сомго же 20 пайызга көп салык төлөгөнүн, социалдык төлөмдөр да көбөйгөнүн белгиледи.
"Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен заёмчу компаниялардын экспорту 60 пайызга өстү, ал эми Россияга үч эсе көп товар чыгарыла баштады. Бул азыркы экономикалык кырдаалда өтө маанилүү көрсөткүч", — деди Новиков.
Төрага Россияга биринчи кезекте айыл чарба продукциясы, өнөр жай товарлары жана курулуш материалдар сатылып жатканын белгиледи.
РКӨФ "Лейлек" кичи ГЭСин курууга насыя иретинде 5,6 млн. доллар бөлдү