Кыргыз өкмөтү жарандарды Японияга жумушка орноштуруу боюнча келишим түздү

Кыргызстандыктардын биринчи тобу ушул жылдын аягына чейин жумушка жөнөтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Япониянын IBS "Кесиптик бирлиги" жана Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы Япон таануу институтунун ортосунда кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Келишимдин алкагында кыргызстандыктардын биринчи тобу ушул жылдын аягына чейин жумушка жөнөтүлөт.
Министр Кудайберген Базарбаев Япония Кыргызстандан адистерди тартууга кызыкдар экенин билдирди.
"Министрлик биздин жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруунун үстүндө иштеп жатат. Ал социалдык пакетке, татыктуу эмгек акы алууга кепилдик берет. Бүгүн биз Улуу Британияга, Түштүк Кореяга жумушка жөнөтүп жатабыз. Азыркы тизме менен эле чектелбей, мындан ары бул багыттагы ишти жаңы деңгээлге чыгарууга белсенип жатабыз", — деди Базарбаев.
Ошондой эле ал министрликтин линиясы менен жумушка жөнөтүлүп жаткан жарандар барган өлкөсүнүн тилин, мыйзамдарын билиши жана мамлекет тарабынан корголушу керектигин белгиледи.
Мигранттардын түйшүгүн жеңилдеткен электрондук система ишке кирди. Чоо-жайы