Окуучу сабалган мектеп: акыйкатчы башка балдарга коркутуулар болуп жатканын айтты

Атыр Абдрахматова балдарды тиешелүү органдар коргошу керек деген пикирде.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова 7-класстын окуучусу сабалган мектептин окуучуларына ар кандай коркутуулар болуп жатканын айтты.
Ал окуяны видеого тарткан бала менен тасмага "лайк койгон" кызды коркутуп-үркүтүүлөрдөн кабардар экенин белгиледи.
"Ошондой эле социалдык тармакта кыздын ата-энесине өспүрүмдү ооруканадан тез арада чыгарып, арызын кайтарып алуусун талап кылгандар бар экени айтылууда. Эгерде ата-эне каршы арыз жазууга аргасыз болсо, анда балдарды Башкы прокуратура, Акыйкатчы институту жана башка органдар коргоп, зордук-зомбулукка жол бербешибиз керек", — деди ал.
Окуя 23-майда Сузак районунун Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы №1 мектепте болгон.
Интернетте мугалим окуучу кызды чаап, уруп жаткан видео тараган. Кийинчерээк окуя эмнеден башталганы, 7-класстын окуучусу педагогго каяша айтып, урушуп жатканы тартылган тасма жүктөлгөн. Окуя боюнча билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев да үн катып, милиция ишти иликтей баштаган.
Жыйынтыгында мугалим жумуштан бошотулуп, бирок кийин кайра кызматына кайтарылган.
Сузактагы окуучуну мугалимдин урганы боюнча омбудсмендин маалымат жыйыны