Сойкулук боюнча сайтка эмнеге шилтеме кетип калып жатат. Кыргызпатенттин жообу

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты аморалдык веб-ресурстун шилтемеси пайда болгонун айтып маселе көтөргөн эле.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы алардын сайтында сойкулар менен казинонун веб-ресурсу кантип орун алып калганына түшүндүрмө берди.
Алар Кыргызпатенттин сайты талкалангандыгын айтышты.
"Азыр техникалык жактан колдоо көрсөткөн кызмат эмнеден улам мындай болгонун анализдеп, иштеп жатат. Кененирээк маалыматты кечирээк беребиз", — деп айтылган маалыматта.
Аталган маселени бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы көтөргөн эле.
Жалган маалыматты кантип аныктоо керек? ИИМдин кеңеши