Кувейттеги ири базарда кыргыз павильону ачылды. Сүрөт

КР элчилиги Кыргызстандагы коммерциялык уюмдарды кызматташууга чакырат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Эль-Кувейт шаарындагы "Мубаракия" эң ири тарыхый базарында White Honey балынын кыргыз павильону ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
1 / 3

Эль-Кувейт шаарындагы "Мубаракия" эң ири тарыхый базарында White Honey балынын кыргыз павильону ачылды

2 / 3

White Honey соода бренди Кувейттин Соода-өнөр жай палатасында катталган, ошону менен бирге компания Кыргызстандын өндүрүмүн Кувейттин эл аралык аэропорту аркылуу импорттоо укугуна ээ

3 / 3

Павильон Кыргызстандын элчилигинин жардамы, ошондой эле Кувейттин Коммерция министрлиги, шаардык муниципалитети, өрт өчүрүүчү жана башка кызматтарынын уруксаты менен ачылган.

White Honey соода бренди Кувейттин Соода-өнөр жай палатасында катталган, ошону менен бирге компания Кыргызстандын өндүрүмүн Кувейттин эл аралык аэропорту аркылуу импорттоо укугуна ээ.
"КР элчилиги Кыргызстандагы коммерциялык уюмдарды жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн Кувейтке продукция экспорттоонун эрежелери менен таанышууга жана продукцияны аталган өлкөнүн рыногунда алдыга жылдыруу максатында кызматташууга чакырат", — деп айтылат маалыматта.
Павильон Кыргызстандын элчилигинин жардамы, ошондой эле Кувейттин Коммерция министрлиги, шаардык муниципалитети, өрт өчүрүүчү жана башка кызматтарынын уруксаты менен ачылган.
ТИМ Москвадагы "Кыргызстан" павильонун ишкерлерге презентациялады