БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Антироссиялык санкциялардан улам Евробиримдиктин ынтымагы ыдырай баштады. Бул тууралуу Германиянын экономика боюнча вице-канцлери, министр Роберт Хабекке шилтеме берип Reuters агенттиги билдирди.
Министр мындай көрүнүш мунай эмбаргосун жарыялоо жана Россиянын энергетикалык ресурстарынан көз карандылыкты азайтуу планын талкуу кылчу Европа лидерлеринин саммитин утурлай башталганын айтты. Иш-чара 30-майда башталат.
"Европа бириккенде кандай болорун көрдүк. Саммитте дагы дал ошондой ынтымак болот деп үмүт кылам. Бирок азыр бул биримдик бузула баштады", — деди Хабек.
Ал немец өкмөтүн ичтен бөлүнүп интрига жараткандан көрө саммитке бирдиктүү позиция менен барууга үндөдү. Министр Евробиримдиктин башка өлкөлөрүнө дагы дал ушундай өтүнүч менен кайрылды.
Бир күн мурда Хабек Германия Украинага курал жагынан жетиштүү жардам берип жатканын, бирок Берлин Киевдин ар бир талабын аткара албай турганын айткан.
Германия башка Батыш өлкөлөрү сыяктуу эле Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция башталгандан кийин Россияга каршы санкциялардын киргизилишинен улам оор экономикалык көйгөйлөргө дуушар болду. Мисалы, учурда энергиянын баасынын өсүшү жана инфляция элди кыйнап турган кез.