Бишкектин бир топ көчөсүндө электр кубаты болбойт. 31-майдын графиги

Электр энергиясы борбор калаанын борбордук көчөлөрүндө, кичи райондордо жана конуштарда өчүрүлөрүн айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Борбор калаада эртең, 31-майда, бир канча көчөлөрдүн тилкелеринде электр кубаты өчүрүлөт. Бул туурасында "Түндүк электр" ишканасынын малымат кызматынан кабарлашты.
Бул күнү аталган уюмдун бригадалары трансформаторлорду оңдоп, бактардын тоскоолдук кылган бутактарын кесип жана башка иштер менен алектенет.
Электр кубаты өчүрүлө турган аймактар:
08:00 - 18:00 — Мурас-Ордо, Алтын-Казык, Теңдик, МТФ-2 конуштарында, Керниш, Лесхоз, Рассвет, контур №465 аймактарында;
09:00 -17:00 — Чүй, Жибек Жолу проспектилеринин, Курчатов, Валдай, Садырбаев, Панфилов, Фрунзе, Тоголок Молдо, Пушкин, Тыныстанов, Власов, Патрис Лумумба көчөлөрүнүн тилкелеринде. №6 кичи райондо (№24 үй), Киргизия-1 конушунда (Гараж көчөсү);
09:00 - 18:00 — Кулиев, Махатма Ганди, Каракум, Логвиненко, Серов, Баялинов, Күрөңкөев, Тоголок Молдо, Курган көчөлөрүнүн тилкелеринде, Дон чолок көчөсүндө, Ак-Өргө конушунун (Күн-Көчө, Ай-Көчө, Арабаев, Жетиген, Ойсул-Ата, Өмүракунов, Ашар, Кырк чоро, Хан-Теңир, Саадак, Кыбыла, Таш-Рабат, Тогуз Канат көчөлөрүндө);
09:30 - 18:00 — № 9 кичи райондо ( №20-28, 30 үйлөр), Краснодонцев (№124 үй) көчөсүндө жана Рухий Мурас конушунда (7, 8-көчөлөрдө).
Жайдын алгачкы күндөрү жаанчыл болобу? Бир жумага аба ырайы